БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбандары Бекболот Мырзаназар уулу жана Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыгышты. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүп жатат.
Жарым финалдык таймашта 57 килограмм салмакта күрөшкөн Мырзаназар уулу беларустук Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Эми Мырзаназар уулу дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн азербайжандык Алиаббаса Рзазаде менен кез келет.
Эрназар Акматалиев да (70 килограмм салмак категорияда) азербайжандын спортчусу Мурад Евлоев менен кармашып, 12:8 эсебинде утту. Ал финалда армениялык Вазген Теванян менен таймашат.
Финалдык таймаштар 6-ноябрда саат 23:00дө болот.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.