Лос-Анжелесте "Шамбала" менен "Акыркы көч" көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Иш-чара ийгиликтүү өтүп, ага АКШдагы кыргыздар жана Кыргызстандан барган коноктор катышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 3-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында Кыргызстандын "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
1 / 3
3-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында Кыргызстандын "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлдү
2 / 3
Белгилей кетсек, 1-ноябрда Лос-Анжелесте Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталган
3 / 3
Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат
Белгилей кетсек, 1-ноябрда Лос-Анжелесте Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталган.
"3-ноябрда кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, "Лэнмарк" кинотеатрында Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы менен Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" фильми көрсөтүлгөн. Иш-чара ийгиликтүү өтүп, ага АКШдагы кыргыздар жана Кыргызстандан барган коноктор катышты", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандык жаш режиссёрдун тасмасы эл аралык фестивалда 3-орунга татыды
Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо.
Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.