БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушуу Бишкекте өткөн "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында өткөн.
Акылбек Жапаров Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мамлекет ичиндеги иштер бүтүп калганына кубанып жатканын айтып, фонд долбоорлорду ишке ашырууда жардам берерин белгилеген.
"Тараптар Өзбекстандан электр энергиясын алуу, Өзбекстандын аймагы аркылуу Түркмөнстандан жаратылыш газын ташып жеткирүү, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу, Эркеч-Там — Дароот-Коргон — Кызыл-Кыя жолу, Кызыл-Кыя шаарына соода-логистикалык борборун куруу маселелери тууралуу сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда тараптар айыл чарба жана өнөр жай маселесин да талкуулашканы кошумчаланды.