БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны бир миллионго жетти. Бул эмделе турчу жалпы контингенттин 47,7 пайызын түзө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Вакцинанын эки дозасын тең 776 099 кыргызстандык алды. Бул калктын 32,3 пайызын түзөт.
Кыргызстанда 2021-жылдын март айынан тарта элди коронавируска каршы эмдөө башталды. Вакцина алгач аялуу катмарга сайылса, май айынан тарта бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болду.