Радио

Курманбеков: Россия менен биргеликте лизинг компания курулат

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков жалпы 270 ишкананын өкүлүнүн катышуусунда кыргыз-орус ишкердик форуму өтө турганын маалымдады.
Sputnik
Россия менен бирге лизинг компания курулат. Анын лизинг макулдашууларынын көлөмү төрт жылдын ичинде 8,5 миллиард рублге жетет. Бул тууралуу Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 10-11-ноябрда Россиядан Кыргызстанга ишкердик миссия келет.
"Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду (КРӨФ) 19-20-августта кыргыз-орус бизнес форумун өткөргөн. Анда эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда байланыштар түзүлө баштаган. Мына ошонун уландысы катары 10-11-ноябрда Кыргызстанга 70 россиялык компаниянын келиши пландалууда. Ага 200 жергиликтүү ишкана катышып, тийиштүү келишимдер түзүлөт. Күтүлүп жаткан келишимдердин ичинен эң орчундуусу РФтин улуттук лизинг компаниясы менен биргеликте атайын лизинг компаниясынын курулушуна тиешелүү документтерге кол коюу. Бул компания 2022-жылдын биринчи кварталында ишин активдүү баштайт. 2025-жылга чейин лизинг макулдашуулардын көлөмүн 8,5 миллиард рублге жеткирүү керек. Белгилей кетүүчү жагдай, компания лизингди рубль менен берет. Демек, ишкерлер валюталык тобокелчиликтерге учурабайт", — деди Курманбеков.
Ошондой эле ал темир жолду жана вагондорду жаңылоо боюнча макулдашуулар болорун кошумчалады.