Чек ара өткөрүү жайлары ачылабы? Кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукту

Соода-экономикалык кызматташтык менен катар кыргыз жарандары үчүн Казакстандын чек ара өткөрүү пунктуларын ачуу маселелери талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту
2 / 3
Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи
3 / 3
Мамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи.
"Быйыл соода жүгүртүүнүн ырааттуу түрдө өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденция, эки тараптуу байланыштын активдешкени байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке ашырыла элек. Кыргызстан Казакстандан инвестиция тартууга кызыкдар", – деген ал.
Мамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
"Тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырмалар берилди", — деп белгиленет билдирүүдө.
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Жолугушууда дүң-бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.
Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын чек ара өткөрүү пунктуларын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат.
Жапаровду Мамин ноябрь айында Астана шаарында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.