БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 78 кишиден коронавирус табылып, 72 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдет илештиргендер:
Өлкөдө дарт жуктургандардын жалпы саны 181 668ге жетти. Анын ичинен 176 025 адам айыкты. Тилекке каршы, оору эки бейтаптын өмүрүн алып, жалпысынан 2 681 киши коронавирустун курмандыгы болгон.
Азыркы тапта стационарда 642, ал эми амбулатордук шартта 798 адам дарыланып жатканы айтылды.