Көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болот? Телефондор

Агенттик көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек жана Кыргызстандын бардык жеринде өз баасынан кымбат сатылган көмүр үчүн кайда арызданса болорун айтып, телефон номерлерин жарыялады.
Эске салсак, өлкөдө көмүрдүн наркынын өсүү темпин кармап туруу үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, ар бир аймакта кара алтындын баасы бекитилген.
Агенттик көмүр сатылган жерлерде кардарлар үчүн кара алтындын баасы жазылган маалымат болушу керектигин эскертип, эгер баа кымбаттап кетсе төмөнкү телефондорго чалууну өтүндү:
Агенттик көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын белгиледи.