БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ишембиде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…+2, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.