Греция Кыргызстанга коронавируска каршы акысыз вакцина бере турган болду

Костас Фрагогианнис Греция саясий жана экономикалык чөйрөдө тараптардын мамилесин активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушуу Бишкекте өткөн "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында болгон.
"Сүйлөшүүдө грек тарап акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда бир миллионунчу адам коронавируска каршы вакцина алды
Министрдин орун басары Костас Фрагогианнис Греция саясий жана экономикалык чөйрөдө тараптардын мамилесин активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле инвестициялык кызматташуу жаатында Enterprise Greece уюму аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, грек бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгын кошумчалаган.
Тараптар саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашкан.