БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры "Шайыр жана күлкүлүү вакцина" деп аталган жаңы пьеса менен Чүй облусундагы 16 орто мектепти кыдырып чыгат. Бул туурасында аталган пьесаны сахналаштырууга колдоо көрсөткөн БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры "Шайыр жана күлкүлүү вакцина" деп аталган жаңы пьеса менен Чүй облусундагы 16 орто мектепти кыдырып чыгат
© Фото / пресс-служба ЮНИСЕФ
Аталган театр Бишкек шаарындагы кичинекей көрүүчүлөргө премьерасын 7-ноябрда тартууламакчы.
"Шайыр жана күлкүлүү вакцина" жүздөгөн балдарга, Чүй облусундагы 16 мектептин, тагыраагы, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин районундагы окуучуларга тартууланат", — деп айтылган маалыматта.
"Керемет көч" мультфильминин негизинде коюлган "Шайыр жана күлкүлүү вакцина" терс каармандарга каршы турган Акылай жана анын достору тууралуу баяндап берет.
Алар көзгө көрүнбөгөн бактериялар, инфекциялар, вирустар, кызылча менен күрөшөт. Спектакль эмдөөнүн кандай маанилүү экендигин, балдарды шприц жана ийнеден коркпоого чакырып, бул процедуралардын ден соолук үчүн маанилүү экендигин айтып берет.
Кыргызстанда балдар Эмдөө боюнча улуттук календардын негизинде 12 вакцинаны бекер ала алат.