Бишкекте балалуу аялдар баш калкалай турган жай ачылды

Мэриядан социалдык жайда адамдар убактылуу жашап туруу үчүн шарттар бар экендигин айтышты. Бир учурда ал жер 70ке чукул адамды сыйдыра алат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Ленин районунда балалуу аялдар баш калкалай турган жай ачылганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3
Борбор калаадагы Ленин районунда балалуу аялдар баш калкалай турган жай ачылганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты
2 / 3
Аталган жерге үй-жайы жок көчөдө калган аялдар да жашап турса болот
3 / 3
Социалдык жай балалуу аялдардын убактылуу жашап турушуна мүмкүнчүлүк берет, бир маал ысык тамак менен камсыздайт жана аларды медициналык кароодон өткөрөт.
Аталган жерге үй-жайы жок көчөдө калган аялдар да жашап турса болот.
Социалдык жай балалуу аялдардын убактылуу жашап турушуна мүмкүнчүлүк берет, бир маал ысык тамак менен камсыздайт жана аларды медициналык кароодон өткөрөт. Бир учурда 70ке чукул адамды сыйдыра алат. Азыркы мезгилде 28 адам жашап жатат, анын ичинен 16сы балдар (төртөө эмчектеги ымыркайлар).
Жакшы жаңылык! Мэрия балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батир берди. Сүрөт
Мэриянын маалыматына караганда, коопсуздук үчүн Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери нөөмөттө турат, андан сырткары, бейтапкананын дарыгерлери зарыл болсо медициналык жардам көрсөтөт.
Социалдык жай Бишкек шаарындагы Турдовая, 10 көчөсүндө жайгашкан. Толук маалыматты 64-48-71, 0 (550) 54-66-22 телефон номерлерине чалып алууга болот.
Бишкекте суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, иштеп жатат. Sputnik мурдараак алардын телефондорун, дарегин жарыялаган.