Бетон жана айнектин креативи. 2021-жылдын архитектура кереметинин 10 сүрөтү

Бүгүнкү күндө туристтерди эзелки тарыхый жайлардан сырткары адаттан тыш курулган жаңы имараттар да кызыктырат. Мындай курулуштарды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.
Sputnik
Заманбап архитекторлор бири экинчисинен озуп, архитектурадагы түшүнүктөрдү таптакыр өзгөртүп укмуштуу долбоорлорду жаратууда.
Бүгүнкүнүн имараты ыңгайлуу бөлмө болуу менен катар мейкиндик, убакыт, ошондой эле курчап турган дүйнөдөгү адамзаттын ордун, мүмкүнчүлүгүн, муктаждыгын чагылдырып турат.
Имараттар учурда адамдын жашоосун жана аң-сезимин аныктаган идея аркылуу ишке ашырылган дүйнөнү кабылдоонун үлгүсү болуп калды. Айрым имараттарды маданий, коомдук, ал тургай, саясий символ катары кабыл алууга да болот.
 
1 / 10
Франциянын Арле шаарындагы канадалык-америкалык архитектор Фрэнк Гери тарабынан долбоорлонгон Luma Arles маданий борбору. Имарат жалтыраган алюминий плиталары менен капталган. Luma фонду "чыгармачыл өндүрүш, демонстрация, изилдөө жана сактоо үчүн ачык кампуска" айландырылган мурдагы SNCF темир жол устаканасы болгон паркта жайгашкан.
2 / 10
Лондондун (Улуу Британия) борборундагы Гайд-парктагы серпантин павильону. Имарат түштүк африкалык архитектор жана Йоханнесбургдагы Counterspace архитектуралык студиясынын негиздөөчүсү Сумайя Валли тарабынан долбоорлонгон.
3 / 10
Кувейттин Улуттук банкынын башкы кеңсеси. Имараттын бийиктиги 300 метр, жалпы аянты 127 миң чарчы метрди түзөт.
4 / 10
Токиодогу (Япония) Васеда эл аралык адабият үйү. Имарат Харуки Мураками китепканасы катары да белгилүү. Долбоорду Васеда университетиндеги япон архитектору Кенго Кума ишке ашырган.
5 / 10
Нидерладда 3D-принтеринде басылып чыккан алгачкы бетон үй
6 / 10
АКШнын Нью-Йорк шаарынын Гудзон дарыясында калкып жүрүүчү "Кичинекей арал" паркынын көрүнүшү. Бул жаңы акысыз коомдук паркта мамыларга орнотулган 132 чоң бетон жоогазындарын "Кичинекей арал" көтөрүп турат.
7 / 10
Роттердамдын (Нидерланддар) музей паркындагы Boijmans Van Beuningen Депо. Бул музейдин толук коллекциясын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген дүйнөдөгү көркөм искусствону сактоочу алгачкы жай.
8 / 10
Нью-Йорктогу (АКШ) асман тиреген 111 West 57th Street имараты
9 / 10
Кемерово аэропортундагы жаңы терминал
10 / 10
Бенидормадагы (Испания) 47 кабаттуу Intempo бийик имараты