Айпери кыргыздын желегин желбиретип, гимнин жаңыртып... Алтын тагынган видеосу

Айпери бул мелдеште азырынча Кыргызстандан алтын медаль тагынган алгачкы жана жалгыз спортчу болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер (U23) арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн алтын байге утту.
Айпери бул мелдеште азырынча Кыргызстандан алтын медаль тагынган алгачкы жана жалгыз спортчу болууда. 
Сыйлоо аземинин видеосун өлкөнүн Күрөш федерациясы Facebook баракчасына чыгарды. Видеодо өлкө желеги желбиреп, Айперинин эмоциясын ичке катып, оор басырыктуу турганын көрүүгө болот. Шакиртинин алтын медаль тагынып жаткан учурун башкы насаатчы Нурбек Изабеков видеого тартып жатат.
Кыл чайнашкан кармаш! Айпери Медет кызынын жеңип алган видеосу
Эң оор 76 килограмм салмак даражасында ат салышкан кыргыздын балбан кызы колумбиялык Татьяна Рентиераны финалда 3:1 эсебинде утуп алды.
Ал мелдеште жалпысынан төрт кармаш өткөргөн. Балбан кыз квалификациялык жана чейрек финалдык беттештердеги атаандаштарын далысын жерге тийгизип, мөөнөтүнөн мурда таза жеңишти камсыздаган. Ал эми жарым финалда АКШлык спортчуну 8:0 эсебинде жеңген
Кечээ кыздар командасынын дагы бир өкүлү Назира Марсбек кызы мелдешке чыгып, ийгилик жарата албады.
23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Бүгүн эркин күрөш боюнча мелдештер башталат. Буга чейин грек-рим спортунун чеберлери ат салышкан. Анда Кыргызстандан барган балбандар байгелүү орундарга жете алган жок.