АКШ Кытайга басым жасап, COVID-19дун кайдан келгенин таап чыгарын айтты

Өткөн аптада АКШда коронавирустун келип чыгышы боюнча жарыяланган жаңы докладда АКШнын чалгын коомчулугу бул вирустун табигый же лабораториядан жаралганы боюнча так кесе айтпастыгы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШ жана алардын өнөктөштөрү Кытайга басым жасап, коронавирустун эмнеден жаралганын таап чыгуу максатында Пекинди бул маселе боюнча ачык болууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости Ак үйдүн маалымат кызматынын өкүлү Карин Жан-Пьерге таянып билдирди.
"Коронавирустун эмнеден пайда болгондугун табуу — бул администрация менен дүйнөдөгү башка мамлекеттердин эң маанилүү делген маселелеринин бири. АКШнын өкмөтү, чалгын кызматы жана коомчулугу COVID-19дун келип чыгышын, андан сырткары, бул пандемия кантип жаралып калганын изилдөөсүн улантат", — деген Жан-Пьер айым брифингде.
Американын администрациясынын өкүлү Вашингтон бул боюнча чындыкка жетүү өтө маанилүү деп эсептээрин айтты.
"Бирок бул Кытай тараптын кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылат. Кечеңдеп, мезгил өтүп кетпеш керек. Андыктан биз жана өнөктөштөрүбүз Кытайдын өзүндө биринчи күндөрү пандемиянын келип чыгышы боюнча өтө маанилүү суроолордо ачыктыгын көрсөтүш үчүн аларга басым жасоону улантабыз", — деп кошумчалаган Жан-Пьер.
Өткөн аптада АКШда коронавирустун келип чыгышы боюнча жаңы доклад жарыялашты.
Андагы маалыматтарга караганда, АКШнын чалгын коомчулугу бул вирустун табигый же лабораториядан жаралганы боюнча так кесе айтпастыгы кабарланган. Мындан сырткары, документте изилдөөчүлөрдүн COVID-19 генетикалык жактан модификацияланган эмес деген пикири айтылган.
АКШ коронавирус пандемиясына айыпкерди тапты
Кытай аталган вирус тарагандан бир нече убакыттан кийин анын кандайча жол менен пайда болгонун аныктоо үчүн изилдөөлөрүн баштаган. АКШнын бийлиги, анын ичинде мурдагы президенти баш болуп Кытайды коронавирусту чыгарган, өз убагында чара көрбөй жайылтып жиберген, фактыларды жашырган деп байма-бай күнөөлөп келет. Ал эми Кытай мындай нерсе акылга сыйгыс нерсе дегенинен жазбайт.
Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус жасалма жол менен жаралган деген пикирди четке какпай туруу керектигин да айтканы бар.