Сүйүнчү! Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынан алтын утту

Кыргызстандык спортчу 76 килограмм салмакта колумбиялык Татьяна Рентиера менен кармашып, 3:1 упай эсебинде утту.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Балбан Айпери Медет кызы Сербияда 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утту. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Кыргызстандык спортчу 76 килограмм салмакта колумбиялык Татьяна Рентиера менен кармашты.
Айпери биринчи бөлүктө 1:0 менен утулуп жатып, экинчи бөлүктө 1 упай алып эсеп теңелди. Акыркы мүнөттө кыргыз балбан кызы атаандашынын артына өтүп эки упай алып алдыга чыкты. Беттеш 3:1 менен аяктады.
Айпери Медет кызы: күтүүсүз нерсе адамды жаңы кадам жасоого түртөт экен
Медет кызы финалга чейин америкалык, экваторлук жана индиялык спортчуларды жеңген.
23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Айпери Медет кызы октябрь айында Ослодогу чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында коло алган. Ал эми Токио Олимпиадасында бешинчи орунга татыган.