Жаштардын жаратмандык көз карашын өнүктүрүү максатында аймактарда инновациялык борборлорду ачуу каралууда. Мындай маалыматты Айсулуу Мустапакулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусуна өзгөчө статус берилгендиктен региондун өнүгүшү үчүн инновациялык борборду ачуу боюнча сунуштар бар.
"Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу боюнча иш-чара учурда каралууда. Бул биздин кийинки жылдагы пландарга сөзсүз кирет. Белгилүү болгондой, Баткендин өнүгүүсү боюнча облустун өзгөчө статусу каралып, ал жерге инновациялык борбор ачуу сунуштары айтылып жатат. Жаштардын жаратмандык көз карашын өнүктүрүү багытында борборлордун иши абдан маанилүү. Мындан тышкары, өлкө аймагында окуучулардын ойлоп табууларын, STEM багытындагы билимин, креативдик чеберчилигин, ой-жүгүртүүсүн жакшыртуу үчүн билим кербендери уюштурулуп келет. Мындай аянтчалар окуучуларга, мугалимдерге пайдасын тийгизет. Заманбап технологиялар, жаңы окутуу методикалары менен балдарга жол көрсөтүлсө жыйынтыгы жакшы болот", — деди Мустапакулова.
Ошондой эле адис Кыргызпатент үч университетте технопарктарды куруп, өлкөнүн 11 жогорку окуу жайында бизнес-инкубаторлорду ачып, инновациялык багыттагы өнүгүүгө жол ачылып жаткандыгын кошумчалады.