Жакшы жаңылык! Мэрия балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батир берди. Сүрөт

Ачкыч тапшыруу аземине балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова катышып, муниципалитетке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкектеги балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкектеги балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирдин ачкычын тапшырды
2 / 3
Жаңы үйлүү болгондор: Ю.Н Емельянов, И.У. Байбосунов, С. Жекшенов, К.Нукеш уулу, Ж.Э. Эркинбекова, Б.К. Атанов
3 / 3
Ачкыч тапшыруу аземине балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова катышып, муниципалитетке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Жаңы үйлүү болгондор: Ю.Н Емельянов, И.У. Байбосунов, С. Жекшенов, К.Нукеш уулу, Ж.Э. Эркинбекова, Б.К. Атанов.
Садыр Жапаров эки кабаттуу үйүн ипотекалык компаниянын балансына өткөрдү. Сүрөт
Ачкыч тапшыруу аземине балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова катышып, муниципалитетке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Мындан сырткары, турак жай маселеси боюнча коомдук комиссиянын курамына мэриянын социалдык өнүктүрүү райондук башкармалыгынын өкүлдөрүн кошуу чечими да кабыл алынганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, муниципалитет буга чейин дагы социалдык жактан муктаж жети үй-бүлөгө батир берген.