БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. WhatsApp мессенжери эл көп колдонгон функцияларынын бирин мындан ары да ыңгайлуу кылууну көздөп жатат. Бул туурасында WABetaInfo бета-тест жасалып жатканын кабарлаганын РИА Новости жазды.
WhatsApp кызматында жазышып жаткан маектешке кетип калган диалогду же билдирүүнү чектелген бир учурда, тагыраагы, бир саат ичинде өчүрүп коюуга мүмкүнчүлүк жаралып келсе, эми анын өзгөрөрү айтылды.
"Функциядагы жаңычылдыкты иштеп чыгып жаткандар анын мөөнөтүн эки айга созууга ниеттенип жатат", — деп жазылган маалыматта.
Азырынча аталган кызмат Android менен iOS үчүн бета-тест программасында гана жеткиликтүү болору айтылды. Кийинчерээк ал WhatsApp кызматынан бардык эл пайдаланган версиясына орнотулмакчы.
Мурдараак да кезектеги өзгөрүү туурасында, тагыраагы, WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушары кабарланган.