Улуу Британияда касапчы жетишпей этти сыртка алып чыгып жиликтетишүүдө

Өлкөнүн соода жаатындагы өкүлдөрү жумушчу күчтүн жетишпей жатканынан улам тамак-аш тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн өкмөттү саммит уюштурууга чакырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуу Британиядагы эт өндүрүүчүлөр өлкөдө касапчылардын аздыгынан этти сыртка алып чыгып жиликтете баштады. Бул тууралуу РИА Новости Британиянын эт өндүрүүчүлөр ассоциациясына таянып (BMPA) кабарлады.
Билдирмеге караганда, пандемия жана Brexit процессинен улам Улуу Британияда адамдардын көбү сыртка агылган. Ушуга байланыштуу өлкөдө жумушчу күчтөр жетишсиз боло баштаган. BMPA ассоциациясынын баамы боюнча, өлкөгө 10 миңдей касапчы жетпейт. Ал эми квалификациялаган касапчыны окутуп, даярдап иштетүү үчүн 18 ай керектелет.
"BMPA ассоциациясы Trans.INFO порталына жумушчу күчтүн жок болуп жатканы эт өндүргөн компанияларды аны сатардан мурда этти сырттан жиликтетип келүүгө мажбур кыларын сентябрь айында эле маалымдаган. Бул процесс азыр жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Улуу Британиянын соода жаатындагы өкүлдөрү өкмөттү жумушчу күчтүн жетишпей жатканынан улам тамак-аш тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн саммит уюштурууга чакырышкан.