Өзбекстан чек ара постун Кыргызстанга жакын жылдырдыбы? УКМКнын жообу

Өлкөнүн Чек ара кызматы контрабанда менен күрөшүү максатында чек арачыларга контейнер орноткон. Буга жооп катары өзбек тарап чек ара постун мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакындатуу аракетин көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде чек ара постторун орнотуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
"УКМКнын Чек ара кызматы контрабанда менен күрөшүү максатында ошол аймакты кайтарган чек арачыларга контейнер орнотуп берген. Буга жооп катары өзбек тарап чек ара постун мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакындатуу аракетин көрүп, аймакты тазалап, даярдап баштаган. Бүгүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү мамлекеттик кадастрдык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жолугуп, анда Өзбекстандын чек ара постун чек ара сызыгына жылдыруу маселеси талкууланган. Анын жыйынтыгында Өзбекстандын чек ара посту өз ордунда кала турган болду", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле 8-ноябрда чек ара өкүлдөрү кайрадан жолугуп, биргелешкен чек ара кайгуулдарынын маршрутун макулдашууну пландап жатышат.
Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу.