Радио

БШК мүчөсү үгүт иштерине киргизилген жаңы эрежелерди санап берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев парламенттик шайлоого карата жүргүзүлүп жаткан үгүт боюнча жаңы киргизилген эрежелерге токтолду.
Sputnik
Үгүт иштерин жүргүзүү боюнча мыйзам жаңы эрежелер менен толукталды. Ага ылайык, эми жашыл аймактарга, тоо-ташка, бак-дарактарга үгүт метериалдарын жайгаштырууга тыюу салынат. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда партия мүчөсү бир мандаттуу округдан аттанса партиянын үгүтчүлөрүн колдоно алар-албасы так көрсөтүлгөн эмес.
"Парламенттик шайлоого үгүт иштери боюнча мыйзамга толуктоолор киргизилген. Ага ылайык эми жашыл аймактарга үгүт материалдарын жайгаштыруу болбойт. Ошондой эле тоо бооруна жазып кетүүгө, бак-дарактарга илүүгө да тыюу салынат. Мындан сырткары, тарыхый баалуу имараттардан, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринен, мечит, чиркөөлөрдөн радиусу 100 метр аралыкта гана жайгашышы керек. Ал эми үгүт жүргүзүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге (квартал башчыларына дагы), 18 жашка чыга элек жарандарга жана чет элдиктерге тыюу салынат. Ошондой эле БШК учурда партия мүчөсү менен бир мандаттуу талапкерлердин үгүт иштерин бирдиктүү жүргүзүүгө жасап жаткан аракеттерине дыкат байкоо салып турат, — деди Жылкыбаев.
Ал бир мандаттуу округдан аттанган талапкерлер 500, ал эми партиялар республика боюнча саны 10 000ден ашпаган гана үгүтчүнү тарта аларын кошумчалады.
Эске салсак, быйыл 28-ноярбда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо өтөт. Ага ылайык, 29-октябрда 30 күндүк үгүт иштери башталган.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: