"Түндүк электр" эртең менен жана кечинде жылыткычтарды колдонбоону өтүндү

Чүй жана Талас облустарында, Бишкекте электр энергиясын суткалык керектөө күн сайын өсүүдө. Ишкана авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн үнөмдүү колдонууну өтүнүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы авариялык өчүрүүлөрдү алдын алып, электр жабдууларын бузуп албаш үчүн электр энергиясын эң керектүү учурда да үнөмдүү колдонууга чакырды.
"Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча алынган техникалык шарттарга ылайык, таңда жана кечинде, тагыраагы, электр кубаты максималдуу түрдө пайдаланылган маалда керектөөчүлөр жылыткычтарды күйгүзбөшү керек. Ноябрда жарандар энергияны эртең менен саат 07:00дөн 10:00гө чейин, кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин өтө көп колдонууда", — деп айтылат маалыматта.
Компания Чүй жана Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында электр энергиясын суткалык керектөө күн сайын өсүп жатканын, учурда 20,7 миллион киловатт-саатты түзөрүн белгиледи:
Бир жыл мурун бул көрсөткүч 19,9 миллион кВт/саатты түзгөн.