Ташиев Чолпон-Атадагы УКМК өкүлдөрүнө кызматтык үй тапшырды. Сүрөт

Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы өкүлү Мирбек Кожоев катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө УКМК өкүлдөрү үчүн төрт батирлүү кызматтык үй курулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан үйдүн курулушу соңуна чыгып, бүгүн, 4-ноябрда, пайдаланууга берилди.
1 / 3
Ысык-Көлдө УКМК өкүлдөрү үчүн төрт батирлүү кызматтык үй курулду
2 / 3
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан үйдүн курулушу соңуна чыгып, бүгүн, 4-ноябрда, пайдаланууга берилди
3 / 3
Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы өкүлү Мирбек Кожоев, мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жана ардагерлери, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы катышты
Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы өкүлү Мирбек Кожоев, мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жана ардагерлери, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы катышты.
Эске салсак, кечээ, 3-ноябрда, УКМКнын Жети-Өгүз районундагы өкүлдөрүнө дагы төрт батирлүү кызматтык үй тапшырылган.