БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Сасык тумоону убагында жакшылап дарылабай өтүштүрүп жиберсе коронавирустукундай эле терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу терапевт, гематолог Диана Ким эскерткенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, сасык тумоону алдын алууга, аны дарылоого да олуттуу мамиле жасоо керек.
"Сасык тумоо инфекциялык оор вирустук илдеттердин катарында. Сасык тумоону жакшылап дарылабаса, жүрөк жабыркап, эндокардит, миокардит дарттары пайда болушу ыктымал. Андан сырткары, бөйрөк да жабыркашы мүмкүн. Ошондуктан сасык тумоо болгондон кийин заарага анализ тапшырып койгон оң. Бөйрөк жабыркаганы билинбеши деле мүмкүн, бирок анализ тапшырып билип койгон жакшы. Сасык тумоо кан тамырда тромбоциттерди азайтып, муунду жабыркатышы ыктымал", — деди Ким.
Адис оорунун кесепети бир айдан кийин билиниши мүмкүн экенин айтып, аталган дартты толук дарылабай жумушка чыкканга болбой турганын эскерткен. Анын айтымында, тумоолоп калгандар 10 күндөн эки жумага чейин көпчүлүккө аралашпай жакшылап дарыланышы керек.