Россиялык блогер кыргызстандык кыз менен ырдады. Клип кайдыгер калтырган эмес

Россиялык блогердин жаңы клибинде кайырманы кыргыз тилинде НурЧолпон ырдайт. Видеону көргөндөр кайдыгер калган эмес.
Sputnik
Россиялык блогер Александр Лист Кыргызстан жөнүндө композициясын НурЧолпон менен биргеликте аткарган. Клип саякатчынын YouTube каналына жайгаштырылды.
Кыргызстанды кыдырган россиялык блогер кубанычтан жашып... Видео
"Бул шедевр болуптур. Александр, азаматсың, сенде талант бар, сонун ырдайсың! Бул өлкөдөгү бардык телеканалдарда жаңырыш керек", "Калпак жакшы жарашат экен!", "Александр, бул шедевр болуптур. Ушундай кылып уланта бериңиз" деген сыяктуу арбын пикирлерди комментарийлерге жазышкан.
Буга чейин Кыргызстан тууралуу ырга башка клип жарыяланган эле. Блогер ыр жазууга анын Кыргызстанга соңку ирет келгендеги сезимдери себеп болгонун айткан.