"Пишпек" базары тарапта кийим тигүүүчү цех өрттөнүп жатат. Видео

Күбөлөр тартып алган кадрдан уюлгуган кара түтүн асманга көтөрүлүп, алыстан байкалып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын "Пишпек" базары тарабында жайгашкан кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты. Кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Алдын ала маалымат боюнча, Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цех күйүп жатат. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден штаб жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу, жалпы үч бөлүм тартылган.
ӨКМ кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.