Бишкекте Novotel мейманканасында өрт чыкты. Видео

ӨКМдин маалымат кызматы өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылганын айтып, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте Novotel мейманканасында өрт чыкты.
Кырсыктын видеосу интернетке тараган. Анда көрүнүп тургандай, фасаддын материалдары өрттөн күйүп түшүүдө.
ӨКМдин маалымат кызматы өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылганын айтып, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.