Бүгүн Назира Марсбек кызы U23 дүйнө чемпионатында килемге чыгат

2021-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык Назира Марсбек кызы таймашка чыгат. Чүчү кулактын жыйынтыгын United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму расмий сайтына жарыяланды.
57 килограммда ат салышкан кыргызстандык балбан кыз нигериялык Эстер Колавол менен кармашат. Балбандар квалификациялык этапта кез келет.
2021-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын кыз-келиндер командасы аталган мелдешке эки балбан кызды алып барышкан. Кечээ 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы күрөшүп финалга чыкты. Алтын байге үчүн беттеш бүгүн кечинде болот.