Novotel мейманканасынан чыккан өрт өчүрүлдү

Өрт саат 16:12де чектөөгө алынып, 16:47де толук өчүрүлгөн. Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Novotel мейманканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бүгүн түштөн кийин аталган мейманканада өрт чыккандыгы кабарланган. Мейманкананын электр зымдары жана сырткы жасалгасы күйгөн.
ӨКМ кабарлагандай, өрт саат 16:12де чектөөгө алынып, 16:47де толук өчүрүлгөн. Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.