Лейлекте Тажикстан менен чектешкен эки айылда милиция пункту ачылды. Сүрөт

Быйыл жаздагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан аталган аймактардагы май куюучу жайлар, дүкөндөр, турак жайлар таланып-тонолуп, өрттөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул туурасында Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды
2 / 4
Ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБдин жетекчиси Мурат Боронов, айыл башчылар жана жергиликтүү тургундар катышкан
3 / 4
Бул аймактык пункт заманбап типте курулуп, бир тарабында милиция өкүлүнүн иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу жайы, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарт түзүлгөн
4 / 4
Мындан сырткары, ушул эле айыл өкмөттүн Борбордук айылында Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имараты курулуп, ишке берилди. Бул жайда аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар координатору милициянын аймактык тескөөчүсү менен биргеликте иш алып барышат.
Ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБдин жетекчиси Мурат Боронов, айыл башчылар жана жергиликтүү тургундар катышкан.
"Коопсуздукту сактаган милициянын өкүлү бул пунктуда күнү-түнү болот. Элдин арызын, кайрылууларын, даттанууларын угуу биздин түздөн-түз милдетибиз болуп саналат. Кайсы гана учурда кайрылбаңыз, милицияны ушул жерден жолуктурасыздар", — деп айыл тургундарына кайрылды облустук милициянын башчысы.
Бул аймактык пункт заманбап типте курулуп, бир тарабында милиция өкүлүнүн иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу жайы, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарт түзүлгөн.
Мындан сырткары, ушул эле айыл өкмөттүн Борбордук айылында Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имараты курулуп, ишке берилди. Бул жайда аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар координатору милициянын аймактык тескөөчүсү менен биргеликте иш алып барышат.
Мадина шаарчасы. Чек арада көз жумгандардын үй-бүлөсүнө үйлөр тапшырылды
Ар бирине өзүнчө иш бөлмөлөр бөлүнүп, заманбап техника, эмерек менен камсыздалганы белгиленди.
Коомдук алдын алуу борбору жергиликтүү жашоочулар арасында профилактикалык жумуштарды жүргүзөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана эл арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо, чечүү боюнча иштейт.
Белгилей кетсек, Борбордук жана Арка-2 — Лейлек районунун четки айылдары, Тажикстан менен чектешкен. Чек араны ортодогу унаа жол гана бөлүп турат. Быйыл жаздагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан аталган аймактардагы май куюучу жайлар, дүкөндөр, турак жайлар таланып-тонолуп, өрттөлгөн.