Кыргызстанда элден түшкөн салыктын көлөмү көбөйдү. Сандар

Маалыматка караганда, 10 айдын ичинде Салык кызматы жарандардан салык жана башка төлөмдөрдү кошкондо 86 миллиард сом топтогон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы октябрь айында салыктарды жана башка төлөмдөрдү чогултуп, планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
План 9 миллиард 879,5 миллион сом деп белгиленген. Бирок 9 миллиард 921,8 миллион сом топтолгон. Бул 42,3 миллион сомго көп.
"Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 2 миллиард 330,8 миллион сомго көбөйдү же өсүү темпи 130,7 пайызды түздү", — деп айтылат маалыматта.
Жалпы жонунан январдан октябрга чейин 85 миллиард 770,5 миллион сом чогулган.
"Коюлган план 103,7 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салык 23 миллиард 124,4 миллион сомго көп топтолду", — дешти ведомстводон.
Өсүү темпи 139,9 пайызды түздү.