Мамлекет президенттен тышкары кимди кайтарат? УКМК мыйзамга өзгөртүү сунуштады

Мыйзам долбоорунда кимдерди мамлекеттик күзөт кызматкерлери кайтара турганы жазылган. Ошондой эле жаңы нормалар да кошулган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анткени жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин өлкө президенттик башкаруу формасына өткөн.
Мыйзам долбоорунда кимдерди мамлекеттик күзөт кызматкерлери кайтара турганы жазылган.
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
Мыйзам долбоору мамлекеттик бийлик органдарындагы кызмат адамдары президентке берилген сыяктуу мамлекеттик күзөт кызматынан баш тарта албайт деген норма менен толукталган.
"Бул жагдай мамлекеттик күзѳт органынын укук колдонуу практикасынан улам келип чыккан. Себеби мурда мамлекеттик кайтарууга алуудан баш тартуу мыйзам боюнча мүмкүн эмес болчу. Айрым кызмат адамдары берилген мамлекеттик күзѳттѳн жазуу түрүндѳ бир нече жолу баш тартышкан. Бул башка кызмат адамдары үчүн прецедентти жараткан", — деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Аталган мыйзам долбоору менен толук министрлер кабинетинин сайтынан тааныша аласыздар.