Радио

Бакаева: 23 жашында инсультка кабылып майып болгон бейтап катталды

Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева инсульттун жаштар арасында көп кездеше баштаганынын себеби жана ооруну алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Бүткүл дүйнөдөгүдөй эле Кыргызстанда да инсульттун, анын ичинде жаштар арасындагы бейтаптардын көбөйүү тенденциясы байкалып жатат. Алсак, бизде 23 жашында инсультка кабылып, майып болуп калган бейтап бар. Бул тууралуу Дариха Бакаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, инсульт мээнин оорусу болгонуна карабастан, ал адамдын бүт денесин жабыркатат. Андыктан алдын алуу зарыл.
"Инсульт бир күндө эле пайда боло калбайт. Бул ден соолуктагы бир нече көйгөйдөн улам козголот. Инсультка негизинен тамеки чегүү, спирт ичимдигин, баңгизаттарды кыянаттык менен пайдалануу, аз кыймыл, семирүү жана туура эмес тамактануу алып келет. Мунун баары холестериндин топтолушуна, жүрөк ооруларына, гипертонияга жана акыры инсультка кептейт. Ошондуктан сергек жана активдүү жашоо образы маанилүү. Тилекке каршы, бизде ички жана тышкы миграция күч алган. Мындай абалда адамдар таптакыр эле дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтпөй калышат. Биздин практикада жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркаган 23 жаштагы жигит инсультка кабылып, майып болуп калды", — деди Бакаева.
Невролог генетикасында тукум куучулук же инсультка кабылуу коркунучу бар адам алты ай сайын текшерүүдөн өтүп, оору аныкталса абалды курчутпаш үчүн дароо дарылануусу керектигин баса белгиледи.