Кош бойлууларды эмдөөгө болбойт. ДССУ жаңы вакцинаны каттоого алды

Жаңы вакцинаны 18 жаштан жогорку адамдарды эмдөөгө колдоно берсе болот. Эффективдүүлүгү 78 пайыз деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы Индияда иштелип чыккан Covaxin вакцинасын каттоого алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"ДССУнун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринин адистеринен турган консультациялык тобу Индиянын COVID-19га каршы вакцинасын таанып, вируска каршы препарат катары колдонсо болот деген бүтүм чыгарды", — деп жазылат кабарда.
Covaxin вакцинасын Bharat Biotech компаниясы иштеп чыкты. ДССУ аны 18 жаштан жогорку адамдарга колдоно берсе болорун айтып, эффективдүүлүгүн 78 пайыз деп баалады. Анткен менен азырынча кош бойлууларды эмдөө сунушталбайт.