Бразилияда аарыдан качып көлгө секирген киши тиштүү балыктарга жем болду

Эркек киши эки досу менен балык кармап жатканда кокусунан аарылардын тобу пайда болгон. Алар кутулабыз деген ойдо сууга чумкушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бразилияда 30 жаштагы эркек киши аарыдан качып баратып көлгө секирип, ач пираньяларга жем болду. Бул тууралуу LADbible басылмасы жазды.
Көзү чаначтай, түрү жырткычтай! Кайырмакка илинген өзгөчө балыктын сүрөтү
Куткаруучулар жоголуп кеткен кишини издөө үчүн сууга түшмөк болуп, бирок сууда пираньялар көп экенин эскертишкен. Натыйжада эркек кишинин сөөгү жээктен табылган. Тиштүү балыктар аны жулмалап, оң жак бетин жеп кетишкени айтылды.
Пиранья — тиштүү жана жаактуу жырткыч балык. Алар адатта үйүрү менен жүрөт.