БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектеги тигүү цехинен чыккан ири өрт саат 17:12де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрт чыккан цех Ленин районундагы Аммосов көчөсүндө жайгашкан. Өрт жалмаган аянт болжол менен 125 чарчы метрди түзөт. Саат 12:23тө кырсык болгон жерге үч өрт өчүрүүчү унаа жөнөп кеткен. Бир сааттан кийин жалын чектөөгө алынганы айтылган.
Буга чейин ӨКМ кырсыктын кесепетинен төрт жаштагы кыз каза болгонун кабарлаган.
Өрттүн келип чыккан себеби тактала элек.