Бишкектеги тигүүчү цехтен чыккан өрттөн 4 жашар кыз чарчап калды

Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу, жалпы үч бөлүм тартылып, саат 13:26лар чамасында чектөөгө алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын "Пишпек" базары тарабында жайгашкан кийим тигүүчү цехтен чыккан өрттөн төрт жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМДин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
Борбор калаанын "Пишпек" базары тарабында жайгашкан кийим тигүүчү цехтен чыккан өрттөн төрт жаштагы кыз каза болду
2 / 5
Бул тууралуу ӨКМДин маалымат кызматы кабарлады
3 / 5
Эске салсак, Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехи күйгөн
4 / 5
Аны өчүрүүгө ӨКМден штаб жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу, жалпы үч бөлүм тартылып, өрт саат 13:26лар чамасында чектөөгө алынган
5 / 5
ӨКМ кошумча маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады
Эске салсак, Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехи күйгөн. Аны өчүрүүгө ӨКМден штаб жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу, жалпы үч бөлүм тартылып, өрт саат 13:26лар чамасында чектөөгө алынган.
"Өрттүн кесепетинен төрт жашар кыз каза болгон (аты-жөнү такталууда). Анын аянты болжол менен 125 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирмеде.
ӨКМ кошумча маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады.