Бакты сүзгөн № 8 автобус. Милиция кырсыктын алдын ала себебин атады

Жол кырсык октябрдын соңунда болгон. Анын кесепетинен 12 адам ооруканага кайрылган, төртөө стационарда дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу жүргүнчү ташыган № 8 автобустун кырсыкка кабылганынын алдын ала себептерин атады.
Анын айтымында, милиционерлер камерадагы видеолорду карап чыгышкан. Натыйжада автобус алдында бара жаткан Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаа менен аралыкты сактабай койгону белгилүү болгон.
"Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан Stream Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө бурулуп чыккан Honda Fit автосуна жол бошотуп берүү үчүн токтогон. Ошол учурда аралыкты сактабай келе жаткан автобус токтоого жетишпей, айланып өтөм деп жатып бакты сүзүп токтогон", — деди ал.
Кызымды кучактап жатып калдым. Автобус кырсыгынан жабыркаган аялдын видеосу
Эске салсак, 29-октябрда жүргүнчү ташыган автобус Чыңгыз Айтматов проспектинде бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна 12 адам кайрылып, төрт кишини жаткырууга туура келген. Алардын кабыргалары менен буттары сынып, мээси чайкалганы аныкталган. Сегиз киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Стационардык дарылануудагы төрт адамга мэриянын резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлгөн.