Радио

Өмүрбеков: балдарды тарбиялоодо анимациялык тасмаларга көңүл буруу керек

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу, анимациялык тасма тарткан адис Каныбек Өмүрбеков өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийин мультфильмдер тартылбай калгандыгын айтты.
Sputnik
Балдарды тарбиялоодо анимациялык тасмаларга талап чоң болгондуктан мамлекет тарабынан көңүл бурулушу керек. Мындай пикирин Каныбек Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мультфильмдерди жаратууда улуттук каарман таап, балдарга үлгү көрсөтүү зарыл.
"Учурда анимация жогорку технологиялардын жардамы менен бийик деңгээлге чыкты. Балдарды тарбиялоодо алардын орду абдан чоң. Тилекке каршы, азыркы өспүрүмдөр чет элдик анимациялык каармандардан үлгү алып, аларды туурап жатышат, буга ата-энелер нааразы. Ошол себептен биз улуттук каармандарды ойлоп таап, жаштарга багыт бере турган мультфильмдерди тартуу керек. Бирок баары эле каражаттын жетишпестигине барып такалат. Анимациялык фильм тартуу үчүн өзүнчө багыт каралып, мамлекеттик идеологияны түптөсө болот. Советтик мезгилде бул тармактын өнүгүшү үчүн аракеттер көрүлүп келсе, өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийин иш токтоп калган", — деди Өмүрбеков.
Ошондой эле педагог анимациялык тасмаларды тарткан адистерди окутууга басым жасалышы керектигин кошумчалады.