Мыктылар 100 миң сомдон алат. "Алтын калем" республикалык сынагы жарыяланды

Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек. Жеңүүчүлөр поэзия, проза, драматургия багыттары боюнча аныкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата "Алтын калем" аттуу республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынат. Комиссия аларды 10-декабрга чейин окуп чыгып, баалайт. Ал эми жеңүүчүлөр 12-декабрда опера жана балет театрында сыйланат.
Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек.
Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:
Чыгармалардын электрондук вариантын jazuuchular@gmail.com дарегине жиберүү керек. Кагазга түшүрүлгөн варианттарды Улуттук жазуучулар союзунун кеңсесине алып келүүгө болот.
Сынак тууралуу кенен маалыматты министрлик тараткан маалыматтан алууга болот.