БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков жумуштан бир жумадан бери табылбай жатат, шайлоого катышкан талапкерге иштеп жатканы айтылууда. Мындай билдирүү менен депутат Алайбек Алымбаев төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиевага кайрылды.
Эл өкүлү мындай кадамы үчүн аны кызматтан алууну сунуштады.
"Мендеги маалыматтар боюнча, аппарат жетекчиси кайсы бир талапкерге иштеп жатыптыр. Жетекчисинин уруксаты жок сыртка чыгып келиптир. Аида Камчыбековна, ушул маселени карап берсеңиз, болбосо кызматтан алыңыз. Аппаратта 20-30 жылдан бери ишин мыкты билген адистер бар, ошолордон коёлу. Каякта, эмне кылып жүрөт бир жумадан бери, ал чоң рангдагы мамлекеттик кызматчы да. Дегеле жетекчилик кызматка коюп жатканда аппараттын өзүнөн коюуну практикаласак жакшы болот эле", — деди Алымбаев.
Касымалиева депутаттын кайрылуусу боюнча сөзсүз териштирүү боло турганын убадалады.
Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине 2020-жылдын 26-мартында дайындалган. Ага чейин ошол кездеги төрага Дастан Жумабековдун жардамчысы болуп иштеген.