27-октябрда Гейгер атылып жаткан жанар тоодон болжол менен бир чакырымдай аралыкта туруп, адаттан тышкаркы көрүнүштү видеого түшүрүп калган.
Бул туурасында "National Geographic" жазды.
Лаванын таш менен кошо тоголоктошуп калган массасы төштөн ылдый кудум топ сымал бир топ жерге чейин тоголонуп келген. Окумуштуунун айтымында, анын диаметри бир метрден, салмагы жарым тоннадан кем болгон эмес.
Аны изилдөө үчүн талкалап көргөндө ичи кадимкидей кыпкызыл чок болуп турганын да окумуштуу сүрөткө тартып алган.
Канар аралындагы от менен жалын болуп атылып жаткан Кумбре-Въеха 2021-жылдын 19-сентябрында ойгонгон. Ал 40 күнгө жакын мезгил ичинде 900 гектарга чукул жерди каптаган. Учурда ал ошол жерде жашагандар менен жергиликтүү бийликтин баш оорусу болуп турат. Вулкандын кооптуулугунан улам алты миңге чукул адам аталган аймакты таштап чыгып кеткен.