УКМК: Сузактагы мектепти курууда мамлекет 5 млн. сом чыгым тарткан

Мектепти курган "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКнын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине маселени "оң жагына чечүү" үчүн пара берип жаткан жеринен кармалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Сузактын Талаа-Булак айылындагы А. Матиев атындагы №76 орто мектебинин курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасы жогорулатылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 2
Сузактын Талаа-Булак айылындагы А. Матиев атындагы №76 орто мектебинин курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасы жогорулатылганы аныкталды
2 / 2
Мектепти курган "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКнын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине маселени "оң жагына чечүү" үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды
Алдын ала маалымат боюнча, мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилген.
"Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен №76 орто мектептин курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон факты аныкталды. Мектепти курган "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКнын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине маселени "оң жагына чечүү" үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
2-ноябрда К.Т.И. Жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.