ЖК депутаты, экс-министр. Октябрь шайлоо округунун талапкерлери

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы №28 Октябрь шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган округда жалпы 105 миң 320 шайлоочу бар.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат.