Кабулда кыргызстандыктарды куткарган дипломат Нурлан: тил билгенимен аман калдык

"Талибан"* Кабулду алып жатканда 26 кыргызстандык эвакуацияланган. Согуш жүрүп жаткан борбордон анча алыс эмес эки базада калган тогуз мекендешти Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин кызматкери Нурлан Орузбаев өз өмүрүн тобокелге салып алып чыккан.
Sputnik
Кыргызстандык дипломаттын эрдиги тууралуу ошол кездеги элчи Мирослав Ниязов айткан эле. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жасаган эрдиги үчүн Эрдик медалына көрсөтүлгөн Нурлан Орузбаев менен ошол кооптуу ирмемдер жана дипломатиялык иши тууралуу баарлашты.
Нурлан Орузбаев 28 жашта. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туулган. Иран Ислам Республикасында фарс тили жана адабияты курсун, андан кийин Бишкек гуманитардык университетинде эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктаган.
— Афганистанга кайсы жылы бардыңыз эле?
— 2019-жылы баргам, иштеп жатканыма быйыл толук эки жыл болду.
— Алгач кандай сезимде болдуңуз? Көзүңүзгө эмне өөн учурады да, эмнеси жүрөгүңүздө калды?
— Алгач таптакыр башкача элестетип баргам. Бирок мен күткөндөй эмес, абдан жылуу кабыл алышты. Ар бир нерсенин эки тарабы болот эмеспи, кандай болбосун жакшы жагынан кароого аракет кылышыбыз керек. Кыргыз эли менен афган элинин окшоштуктары көп экен. Мисалы, эки элдин орток маданияты жана каада-салты бар десем жаңылышпайм. Адамдары абдан жөнөкөй, кичипейил, меймандос келишет. Айрыкча жаштардын билимге болгон умтулуусу таң калтырды. Акыркы акчасын китеп алууга жумшаган жаштарды көрдүм. Келечек жаштардын колунда деп бекер айтылбаса керек. Афган элине тынчтык жана өнүгүү каалайм.
Нурлан Орузбаев Иран Ислам Республикасында фарс тили жана адабияты курсун, андан кийин Бишкек гуманитардык университетинде эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктаган.
— Ушул жылдын август айында талибдер Афганистанды басып алып жатканда кыргыз жарандарын кооптуу аймактардан жалгыз алып чыкканыңызды уктук. Корккон жоксузбу?
— Кыргыздын рухуна, кыргыз жигитине коркоктук жарашпайт го. Ата-бабаларыбыз жалтанбас, эр жүрөк болушкан, кыйын кырдаалда артка кетенчиктеген эмес.
— Кантип алып чыктыңыз?
— Афганистандагы акыркы окуялар өтө тез өзгөрүп кетти. Мындайды эч ким күткөн эмес, даяр эмес болчу. Баса белгилеп кетчү нерсе, Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги бул окуяга чейин бир нече ай мурун аталган өлкөдөгү бардык кыргыз жарандарына өлкөдөн чыгып кетүү боюнча сунуш берген. Иштеген жумуш орундарына чейин барып эскертүү берип келгенбиз. Тилекке каршы, айрымдары үлгүрбөй калышкан. Эвакуация иштерин жүргүзүүдө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана тиешелүү мекемелердин салымы абдан чоң.
14-август күнү "Талибан" кыймылы Кабулду толук курчоого алган эле. Шаар жана башка провинциялардагы кыргызстандыктар менен байланышып, бардыгын көчөгө чыкпоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө жана элчиликтин кийинки көрсөтмөлөрүн күтүүгө чакырып жаттык. Эртеси күнү сегиз жараныбыз Кабул Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан Darya Village (Дария Виллиж) чет элдик базасында, ал эми бир жараныбыз ошол эле жердеги "Baron" (Барон) мейманканасында, башаламандыктын чок ортосунда миңдеген адамдардын курчоосунда калган.
"Талибан"* Кабулду алып жатканда Нурлан Орузбаев 26 кыргызстандыкты согуш жүрүп жаткан эки базадан алып чыккан.
16-август күнү эртең менен Darya Village базасында калган сегиз кишини алып чыгуу үчүн жолго чыктым. Базага жетүү абдан оор болду. Аэропорттун жолу толугу менен жабылып, 15 миңге чукул адам жолду тороп алган экен. Унаамдын үстүнө чыгып, таш ыргытып, оодарып салууга аракет жасаган учурлар болду. Тыгындан өтүп базага жетсем, ал жакта атышып жатышыптыр. Мекендештерди тез алып чыгуу үчүн үч жолу аракет жасадым. Калып калгандардын көбү кыздар эле, баары стресс абалында жүрүштү. Ал учурда талибдер аэропортко келе элек болчу. Башаламандык кылгандар чет элдик уюмдарга нааразы болгон жарандар, уюшкан топтор, криминал жана морадёрлор эле. Булардын максаты кырдаалдан пайдаланып, талап-тоноо болчу десем жаңылышпайм.
Октор көз алдымдан учуп жатты. Кыргызстандыктарды имараттын ичиндеги сооттолгон темир эшиги бар коопсуз бөлмөгө (save room) киргизип, алып чыгуу жолун издеп жаттым. Атышуу жалпысынан бир жарым суткадан ашык уланып, октон жети афгандык жана бир чет элдик жаран каза болду. Ошол күнү кечке жуук "Талибан" кыймылы базага кирип келгенин билдим. Дароо алардын командирине чыгып өзүмдү тааныштырып, кыргыз жарандарынын коопсуздугун сактап берүү жана коопсуз жерге алып чыгуу боюнча саат 23:00гө чейин сүйлөшүү жүргүзүлдү. Базанын жанында жайгашкан "Baron" базасында дагы бир жараныбыз бар эле, аны алып чыгуу аракети үчүнчү жолкусунда гана ишке ашты. Себеби ал учурда Кабулдагы башаламандык туу чокусуна жетип калган. Ошентип саат түнкү 11ден өткөндө талибдер "Серена" мейманканасына коридор ачып беришти.
Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин кызматкери Нурлан Орузбаев афгандык аксакалдар менен...
— Аэропортко киргенде жолдон талибдер унааңызды тоскон экен. Кырдаалдан кантип чыктыңыз?
— Мейманканага бараткан жолдо мени ар кандай посттордон токтотушту. Айрымдарына документтеримди көрсөтүп кутулсам, кээ бирлери курал такашты. Фарси тилин билгендигим ошол оор кырдаалдан аман-эсен чыгуубузга чоң жардам берди. Анан "Серена" мейманканасына жеткен соң "Талибандын" командирлери менен жолугушуп, Кыргызстандын элчилигине эскорт уюштуруп берүүнү макулдашып, акыр-аягы кыргызстандыктар элчиликке сак-саламат алып келинди. Ошентип жалпысынан алганда биринчи партия менен 26 жаран Кабулдан аман-эсен эвакуацияланган.
— Ал мекендештердин баары Кыргызстанга келдиби?
— Ооба, Кыргызстанга барам деген бардык жарандар мекенине эсен-соо эвакуацияланды.
Кыргыз бийлиги боордош афган элине эки ирет гуманитардык жардам көрсөттү.
— Кайсы өлкөнүн учагы менен алып чыктыңыздар?
— Биринчи партия менен эвакуациялангандар Казакстандын атайын аскерий борту менен чыкты. Ал эми экинчи партия Россиянын атайын учагы менен учту. Учурдан пайдаланып Казакстандын жана Россиянын Кабулдагы элчиликтерине ыраазычылыгыбызды билдирип кетким келет.
— Пушту же дари тилдерин жакшы билесизби? Бул тилдердин айрым сөздөрү кыргыз тилине да окшошуп кетет дешет...
IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем
— Университетте эл аралык мамилелер бөлүмүнүн фарс тили адистигин аяктап, ошол кесипти аркалоо менен тажрыйба топтоп келе жатам. Пушту тилин учурда жаңы үйрөнүп баштадым. Бул тил менен кыргыз тилинин окшоштуктары жокко эсе. Ал эми дари тилинде биздикине окшош сөздөр кездешет. Грамматикалык жактан да айкалыштыктар байкалат. Кыргыз тилинин адабиятында фарс тилинен келген 2000ден ашык сөз бар.
— Азыр Афганистанда жүрүү кооптуулук жаратпайбы?
— Кооптуулук бардык жерде бар, бирок мекенге кызмат биринчи орунда болуш керек. Албетте, жагдайга жараша ички жана сырткы тартиптерди сактап жүрүү зарыл.
— Кабулдагы жана Афганистандын башка шаарларындагы боордоштордон кабар алып турасызбы?
— Ооба, биздин Кабулдагы элчилик мекендештер менен дайыма байланышта. Азыркы учурда элчилик штаттык режимде иштеп жатат.
Нурлан Орузбаев: кыргыздын рухуна, кыргыз жигитине коркоктук жарашпайт.
— Жакында Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип бардыңыз. Алардын абалы кандай экен?
— Кыргыз бийлиги боордош афган элине эки ирет гуманитардык жардам көрсөттү. Экинчисинде экспедициялык топ памирлик кыргыздарга барды. Элчилик гуманитардык жардам көрсөтүүдө бардык тараптан көмөк көрсөттү. Памирлик кыргыздар тоолуу аймакта жашагандыктан, жашоо-шарт оор. Афганистанда айрыкча акыркы окуяларга байланыштуу кымбатчылык өлкөнүн бүт аймактарына таасирин тийгизди. Памирлик кыргыздардын айтымында, быйыл сууктан мал көп ооруп, жоготуулар да арбын болгон. Алар бир канча жылдан бери оорукана жана жолдун жоктугун айтып даттанып келишет. Ушундай оор учурда кыргыз бийлигинин жардамына ыраазычылыктарын гана билдиришти.
— Сиздин Эрдик медалына көрсөтүлгөнүңүздү да уктук эле...
— Ооба, мурунку элчибиз Мирослав Ниязов ал медалга көрсөттү. Албетте, бул мамлекеттик сыйлык мен үчүн чоң сыймык жана дем болот.
* — Кыргызстанда жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.