Нур-Султан — Бишкек аба каттамы жанданмай болду

Казакстандын борборуна аба каттамдары пандемия башталганда токтотулган. Кийинчерээк Бишкек — Алматы жана Бишкек — Түркстан аба каттамдары гана иштей баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналы Нур-Султан — Бишкек рейси жандана турганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечимди казак өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.
"Air Astana компаниясы каттамды жакын арада жандантат. Аны E190-E2/A-320 тибиндеги аба кемеси аткармай болду. Жүгүртмө компаниянын сайтына жайгаштырылат", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Казакстандын борборуна аба каттамдар пандемия башталганда токтотулган. Кийинчерээк Бишкек — Алматы жана Бишкек — Түркстан аба каттамдары гана жанданган болчу.