Нарын шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Округга Нарын шаары толугу менен, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айылдары кирет. Шайлоочулардын саны — 104 851.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы № 33 Нарын шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан парламент депутаттыгына 13 жаран ат салышууда.
Округга Нарын шаары толугу менен, Ат-Башы районунун Ак-Жар, Ак-Моюн, Ак-Муз, Ак-Талаа, Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Баш-Кайынды, Казыбек, Кара-Коюн, Кара-Суу, Талды-Суу айыл аймактары толугу менен, Нарын районунун Ак-Кудук, Достук, Дөбөлү, Жан-Булак, Жерге-Тал, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Он-Арча, Орток, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгек-Талаа, Эмгекчил айыл аймактары толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны — 104 851.