Дарыгер: кадимки кызылча кан басымды түшүрүп, боордун иштөөсүн жакшыртат

Аталган жашылчанын организмден ашыкча суусундукту бөлүп чыгарууга жардам берери айтылды. Бирок айрым оорусу барларга сунушталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кадимки кызылча мыкты антиоксидант гана эмес, боор менен кан тамырга да пайдалуу азык. Бул тууралуу нутрициолог Анна Дробышевага таянып "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгердин айтымында, кызылча артериялык кан басымды төмөндөтүү касиетине ээ. Ошондой эле кан тамырды бекемдеп, боордун жакшы иштөөсүнө, организмден ашыкча суусундукту бөлүп чыгарууга да жардам берет.
"Өзгөчө, аялдардын айызы келип жаткан маалда бул жашылча миңдин бири. Анткени кызылча организмдеги кансыроону кайра калыбына келтирет", — деген адис.
Адис кайнатылган кызылчаны остеопороз дарты менен жабыркагандарга сунуштаган эмес. Ал эми ашказан, ичеги оорулары, гипертония жана кант диабети барларга бул жашылчаны колдонуу таптакыр эле болбой турганы айтылды.