БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Панамада учурда жер жүзүндөгүлөрдүн кызыгын арттырып жаткан түштүк кореялык "Кальмар оюндары" фильминин стилинде уюштурулган тематикалык көңүл ачууда сегиз киши өлдү. Бул туурасында La Razon басылмасы жергиликтүү полициянын айткандарына таянып кабарлады.
Окуя Санта-Ана шаарындагы клубдардын биринде болгон. Кечеге келгендердин арасында мурда соттолгондор да болгон. Алар курал көтөрүп жүрүшкөн.
"Жергиликтүү эки бандалык топ кечеде атышуу уюштурган. Анын кесепетинен сегиз киши көз жумуп, жетөө жаракат алган", — деп кабарлады полиция.
Атайын операция учурунда атышууга катышы бар деген шек менен эки киши кармалган.
"Кальмар оюндары" деп аталган түштүк кореялык фильм 17-сентябрда чыгып, Netflix сервисинде азыр 90 өлкөнүн жашоочулары көп көргөн сериалдардын топ башында турат. Сюжетте карызы көп болуп кетип, жанды аман алып калуу үчүн оюнга катышууга макул болгон адамдар туурасында баяндалат. Алгач бул катышкан кишилерге баланын оюнундай көрүнөт. Жеңүүчү аягында 45,6 миллиард вон (болжол менен 38,5 миллион доллар) алары айтылган.